Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Кыргызстанда бир күндө пневмониядан 26 адам каза болду


Кыргызстанда өпкөсүнөн кагынып, ооруканада дарыланып жаткан 26 адам соңку бир сутка ичинде көз жумду. Бул тууралуу 5-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Маалыматка ылайык, каза болгондордун ичинен 17 адам Бишкекте дарыланып жаткан. Калгандары өлкөнүн башка аймактарына туура келет. Ушуну менен март айынан бери өпкөсү кагынып каза болгондордун жалпы саны 177 адамды түздү.

Республикалык штаб өпкөсү кагынып каза болгондордун жашы тууралуу маалыматты тактаган жок.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев "Азаттыкка" берген маегинде буга чейин жай айларында пневмония менен ооругандар мынчалык көп катталбаганын, өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG