Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Өкмөт Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алды


Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы - 500 даана келди. Дагы 500ү келаткан аптада жеткирилмекчи. Бул үчүн өкмөт 50 миллион сом бөлгөн.

Өлкөгө келген концентраторлор ыкчам тартипте коронавирус инфекциясынан жабыркаган жана өпкөсү кагынган адамдар дарыланып жаткан медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүлөт. Жабдуулардын бир бөлүгү COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн ачылган медициналык мекемелерди жабдуу максатында өлкө аймактарына жөнөтүлөт.

Өкмөт учурда жасалма дем алдыруучу аппараттар менен кычкылтек концентраторлору абдан зарыл болуп жатканын билдирүүдө. Буга чейин Бишкектин мэри Азиз Суракматов ишкерлерге кайрылып, медициналык жабдууларды сатып алууга көмөктөшүүгө чакырган.

Учурда ыктыярчылар жана уюмдар ИВЛ аппараты менен концентраторлорду сатып алууга каражат топтоп жатышат.

Кыргызстанда 5-июлга карата коронавирустан 88, ал эми пневмониядан 177 адам каза болду.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев "Азаттыкка" берген маегинде буга чейин жай айларында пневмония менен ооругандар мынчалык көп катталбаганын, өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG