Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Бишкек мэриясы ишсиз отурган дарыгерлерди жардамга чакырды


Бишкек шаардык мэриясы учурда ар кандай себептер менен иштебей, үйүндө отурган дарыгерлерди жардамга чакырат. Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, коронавирустан жана пневмониядан жабыркагандар көбөйгөндүктөн дарыгерлер жетишсиз болуп жатат.

"Бул кырдаалдан чыгып кетүү үчүн биз учурда кандайдыр бир себептерден улам иштебеген медициналык кызматкерлерди жардамга чакырабыз",- деп кайрылды Түлөбаев.

Түлөбаев эпидемиологиялык абалды жакшыртуу үчүн шаар бийлиги убактылуу стационарларды ишке киргизгенин кошумчалады. Бишкектин төрт районунда бирдей ачылган борборлор амбулатордук дарылоого ылайыкташтырылган.

«Күндүзгү стационар борборлоруна пневмония же сасык тумоонун жеңил же орточо оор формасы менен ооруган бейтаптар жаткырылат. Оор абалдагы бейтаптарды дарылоого мүмкүн эмес, себеби борборлор амбулатордук дарылоого ылайыкталган. Ал жерден кеңеш алууга, капельница жана дары-дармек алууга болот”, - деди мэриянын аппарат жетекчиси.

Күндүзгү стационарларда дарыгерлер кезектешип иштейт жана жанында дарыканалар ачылган.

Акыркы күндөрү ден соолугу начарлап ооруканага кайрылгандар көбөйдү. Коронавирустан жана пневмониядан жабыркагандарга шаардагы ооруканаларда орун жетпей калган учурлар көп болууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG