Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Трамп АКШ “ашкере солчул фашизмдин соккусуна” кабылганын айтып чыкты


Mount Rushmore
Mount Rushmore

АКШнын президенти Дональд Трамп өз өлкөсү “тоталитардык” мамилени көрсөткөн “ашкере солчул жаңы фашизмдин соккусуна” кабылганын айтып чыкты. Бул тууралуу Трамп Эгемендик күнүнүн алдында Түштүк Дакотадагы Рашмор тоосундагы монументтин жанында сүйлөп жатып билдирди. Ал Кошмо Штаттардын төрт президентинин элеси түшүрүлгөн монумент “эч качан бузулбай турганын” кошумчалады.

Трамп өз сөзүндө өлкөдөгү эстеликтерди талкалап, шаарларда ар кандай кылмыштарга барган “ачуулуу сүрмө топтун” аракетин сынга алды.

Президент мындай кескин билдирүүнү АКШда акыркы бир нече аптага созулган расизмге менен адилетсиздикке каршы нааразылык акциялардан кийин жасады. Демонстрациялар Миннеаполис шаарында полициянын колунан каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган.

Кошмо Штаттардын айрым шаарларындагы акциялар кыйроо, талап-тоноо менен коштолду. Айрым активисттер АКШнын негиздөөчүлөрү болгон президенттердин тоо бетиндеги эстелигин расизмдин символу деп атап, аларды бузууга чакырышкан.

Дональд Трамп “солчул радикалык маданий революция” америкалык баалуулуктарды жок кылууну максат кылып жатканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG