Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Ошто эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашы байкалууда


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында учурда санитардык-эпидемиологиялык абалдын начарлашы байкалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын саламаттык сактоо координатору Кыялбек Ташболотов билдиргенин Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Ташболотов учурда шаарда кычкылтек концентраторлорун жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды көбөйтүүгө аракет көрүлүп жатканын маалымдаган.

«Демөөрчүлүк жардам линиясы боюнча Бишкектен 17 кычкылтек концентраты жөнөтүлдү, алардын бешөө Ош шаарындагы медициналык мекемеге берилген. Азыркы учурда оор абалдагы бейтаптар үчүн тиешелүү шарттары жана керектүү медициналык жабдыктары бар ИИМдин байтапканасында 80 орундук даярдоо тууралуу сунуштар каралып жатат», - деп билдирген Ташболотов.

Буга чейин Ош шаарында өпкөсү кагынгандарды жана коронавируска кабылгандарды дарылаш үчүн кошумча 500 орун даярдалып жатканы кабарланган.

Ош шаары COVID-19 жугузуп алган кишилердин саны боюнча Бишкектен кийин экинчи орунду ээлейт. 5-июлга карата Ошто коронавирус 783 кишиден табылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG