Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Өлкөдөгү кырдаал Коопсуздук кеңешинде талкууланууда


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери жана райондордун акимдери катышып жатат. Жыйын видео конференция форматында өтүүдө.

Анда өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маселе каралып жатат. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов коронавируска каршы күрөшүүдө жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Кыргызстанда 5-июлга карата коронавирустан дагы 10 адам, ал эми пневмониядан 26 адам каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда СОVID-19 вирусунан набыт болгондордун жалпы саны 88 адамга жетсе, март айынан бери пневмониядан 177 киши көз жумду.

Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги бул илдеттен өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек.

Интернетте вирустан жана пневмониядан көз жумгандардын чыныгы саны мындан бир топ көп экени тууралуу маалыматтар жарыяланып жатат. Мындан тышкары социалдык тармактарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп кетиши, акыркы жумаларда оорудан каза болгондордун көбөйүшү үчүн бийликти айыптаган пикирлер көбөйүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG