Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Министрлик: Коронавирус болгон 625, пневмония болгон 2,5 миңдей бейтап ооруканада


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын 18и каза болду. Бул тууралуу 6-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, алардын ону Бишкекте, сегизи аймактарда көз жумду.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул илдеттен 195 бейтап кайтыш болду.

Саламаттык сактоо министрлиги «Азаттык» радиосуна кабарлагандай, ушу тапта аймактардагы ооруканаларда пневмония деген диагноз менен 756 бейтап жатат, алардын 184үнүн абалы оор. Абалы оорлордун сегизи реанимацияда.

Ал эми Бишкектеги ооруканаларда 1573 бейтап пневмония болуп жатат. Алардын 368инин абалы оор, 146сыныкы өтө оор.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Ал эми Бишкектин «Тез жардам» кызматы адатта жылдын бул мезгилинде «суткасына ашып кетсе үч бейтап пневмония менен ооруканага жаткырылчу» деген маалымат тараткан.

Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги бул илдеттен өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек. (RK)

XS
SM
MD
LG