Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:52

АКШнын айрым штаттарында ооруканалар толуп калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда оорунун очогуна айланган бир катар штаттардын расмий бийлик өкүлдөрү бейтаптар көбөйүп, ооруканалар толуп калганын билдиришти.

Нью-Йорк штатында абал оңоло баштаганы менен ушул тушта өлкөнүн айрым түштүк жана батыш штаттарында абал оор. Эксперттер жакын арада бейтаптардын саны үч миллиондон ашарын айтып жатышат. Бул илдеттен көз жумгандардын саны 130 миңге чукулдап калды.

Соңку абалга байланыштуу Калифорния, Техас жана Флорида өңдүү штаттар карантин чараларын жумшартуу планын токтотту.

Феникс шаарынын мэри Кейт Галльего Аризона штаты карантин чараларын элден эң кеч киргизип, кайра эң эрте алганынын кесепетин көрүп жатканын айтты. Бул штат оору жуккандардын киши башына карата саны боюнча АКШда биринчи орунда турат. Галльего жарандарды үйдө отурууга милдеттендириш керек экенин билдирди.

Техаста соңку бир күндө коронавирус 8200дөн ашык адамдан табылды.

Флоридада оору жуккан эн көп учур катталды, акыркы 24 сааттын ичинде ал жакта COVID-19 жуккан 11400дөн көп киши чыкты. Бул штатта ооругандардын саны 200 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG