Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) казак-өзбек чек арасында ара жолдо калган 770тен ашык жаранын автобус менен мекенине кайтарды. Министрлик аларды алып келүүгө Миграция боюнча эл аралык уюм, ЮНИСЕФ жана Норвегия көмөктөшкөнүн белгиледи.
Мекенине кайтууну көксөп, Өзбекстандын чек арасынан өтө албай калган жүздөгөн тажикстандык мигранттар Казакстандын «Жибек жолу» көзөмөл-өткөрмө бекетинин жанында бир канча күн бою турган.
Тажик бийлиги өткөн айда да эл аралык уюмдардын, мамлекеттердин жардамы менен ушул өткөрмө бекетте бир канча жумалап калып калган 635 тажик жаранын 14 автобус менен мекенине кайтарган болчу.
Коронавирус пандемиясынан улам казак-өзбек чек арасы март айынан бери жабык турат.