Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:31

COVID-19: Индия оору жуккандар боюнча үчүнчү орунга чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Индия коронавирус жуккан адамдардын саны боюнча Орусияны басып өтүп, үчүнчү орунга чыкты. Бул өлкөдө илдетке 697 миңдей киши кабылды.

Орусияда соңку бир күндө COVID-19 дагы 6600дөн ашык адамдан табылды жана ооругандардын жалпы саны 688 миңге чукулдап калды. COVID-19дан 10 миңден көп бейтап кайтыш болду.

Ооругандардын жана бул илдеттен кайтыш болгондордун санына карап дүйнөдө биринчи орунда турган АКШда коронарус 2,8 миллиондон ашык адамдан табылып, 130 миңдей бейтап көз жумду.

Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен вируска 11,4 миллион адам кабылды жана оорудан жарым миллиондон көп бейтап жан берди.

XS
SM
MD
LG