Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Өзбек ТИМи чек аралар ачылганы тууралуу маалыматка ишенбөөгө чакырды


Орус-казак чек арасында буга чейин дагы мигранттар топтолгон.
Орус-казак чек арасында буга чейин дагы мигранттар топтолгон.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) орус-казак чек арасы аркылуу мекенине кайтууну каалаган жарандарга кайрылды. Анда бул чек аралар ачылганы тууралуу маалыматтар жалган экенин белгилеп, ага ишенбөөгө, алдамчыларга жем болуп калбоого жана сак болууга чакырды.

Министрликтин маалыматына караганда, кийинки күндөрү социалдык тармактарда, мессенжерлерде Орусия менен Казакстандын чек арасынан өтүп Өзбекстанга кайтса болору тууралуу жалган маалымат тарап жатат жана чек арадан акчага өткөрө аларын айткан шылуундар пайда болду.

Өзбек ТИМи чек арада жоон топ адам болуп топтолуу COVID-19дун жайылышына алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Мунун алдында «Азаттыктын» өзбек кызматы Орусиянын Самара жана Оренбург облустарындагы Казакстан менен чек ара бекеттеринин жанында өзбекстандыктар топтолуп жатканын, оор абалга кабылганын жазган.

Мекенине кайтууну көксөгөн өзбек мигранттары орус-казак чек арасында буга чейин да топтолгон. Май айында казак бийлиги жолду бир жолу ачып берүүгө көнгөн.

XS
SM
MD
LG