Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду облустун ар бир районуна атайын жабдык сатып берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду облустун ар бир райондук ооруканасын суюк кычкылтек берип туруучу орнотмо менен жабдымай болду. Бул тууралуу 6-июлда «Азаттыкка» өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.

Анын айтымында, фонддун байкоочу кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, бул максатта 10 миллион сом бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алды.

«Кычкылтек концентраторунан да натыйжалуу атайын орнотмо бар экен. Суюк кычкылтекти толтуруп алып, аны ар бир бөлмөгө өзүнчө түтүк аркылуу тарттырып алса болот. Баасы эки миллион сомдун тегерегинде экен. Ар бир районго койсок деп пландап жатабыз», - деди ал.

Ысык-Көл облусунда азыр кычкылтек концентраторунан 193 даанасы бар, анын 34ү иштебейт. Ал эми жасалма дем алдыруучу 45 аппараттын 13ү иштебей турат.

Кожоевдин айтымында, Ысык-Көл облусунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал азыр туруктуу, бирок курчуп кетиши ыктымал.

Кыргызстанда жалпысынан 18-марттан 6-июлга чейин коронавирус 7691 адамдан табылды (алардын 221и Ысык-Көл облусунда). Оору жугузуп алгандардын 92си кайтыш болду, 2843 бейтап айыгып кетти.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Ысык-Көл облусу - Кыргызстанда жайкысын эс алуучулар эң көп каттаган аймак. (KS)

XS
SM
MD
LG