Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Атактуу музыкант Эннио Морриконе дүйнөдөн кайтты


Атактуу музыкант Оскар сыйлыгын эки жолу алган.
Атактуу музыкант Оскар сыйлыгын эки жолу алган.

Италиялык атактуу музыкант Эннио Морриконе 91 жашында дүйнөдөн кайтты. ANSA маалымат агенттиги белгилүү италиялык композитор жана дирижёр Эннио Морриконе мындан бир канча күн мурда жамбаш сөөгү сынып Римдеги ооруканага жаткырылганын жазды. Маркум «Бир жолу Жапайы Батышта», «Пианист жөнүндө уламыш», «Кесипкөй», «Бошогон Жанго» сыяктуу баш-аягы 500дөн ашык тасмага жана сериалдарга музыка жазган.

Атактуу музыкант Оскар сыйлыгын эки жолу алган. Алгач Морриконеге бул сыйлык 2007-жылы кинематографияга кошкон салымы, ал эми 2016-жылы Квентин Тарантинонун «Жийиркеничтүү сегиздик» фильми үчүн жазган обону үчүн ыйгарылган.

Ошондой эле үч жолу «Алтын глобус», алты жолу БАФТА сыйлыктарынын лауреаты болгон.

Морриконе фильмдерге музыка жазып, белгилүү обондорго аранжировка жаратууну 33 жашында баштаган.

XS
SM
MD
LG