Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде эки адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 6-июлда Чүйдүн Кемин районуна караштуу Нур айылында Чүй суусуна 12 жаштагы бала түшүп кеткен. Баланын сөөгүн куткаруучулар бүгүн эртең менен таап, милицияга өткөрүп беришти.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Бел-Алды айылынын Борду-Кыя суусуна 6-июлда 19 жаштагы жигит түшүп кеткен. Анын сөөгү кечинде табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Кыргызстанда 2019-жылы 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жайкы сезондо), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу. (RK)