Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:49

Екатеринбургдан 4300 долларлык меджабдуулар алынып келди


Бишкектеги убактылуу стационар.
Бишкектеги убактылуу стационар.

Кычкылтек концентраторлорун, глюкометрлерди, пульсикометрди жана коргонуучу каражаттарды Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугу жана Урал аймагындагы кыргызстандык диаспоралар, активисттер чогултуп беришкен. Бул медициналык жабдуулар 7-июль күнү Екатеринбург-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен алынып келди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учак менен 218 кыргызстандык да келди, арасында балдар бар. Келгендер тиешелүү алгоритмге ылайык, медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Бир нече күн мурда Москва-Бишкек каттамы менен ыктыярдуу иштеп бериш үчүн Кыргызстанга дарыгерлер келишкен. Алар да активисттер чогултуп берген медициналык жабдууларды ала келишкени кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG