Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Австрияда полиция Умаровдун өлүмүнүн саясий өңүтүн иликтейт


Мамихан Умаров.
Мамихан Умаров.

Австрияда полиция чеченстандык бозгун Мамихан Умаровдун киши колдуу болушунун башкы себептеринин бири катары бул кылмыштын саясий өңүтүн иликтеп жатат. Бул окуядан улам эки киши колго түшкөнү, алар да чеченстандыктар экени кабарланган. Жергиликтүү полиция Умаровдун көзүнүн тирүүсүндө аны коргоого алуу сунушталганын, бирок ал баш тартканын билдирди.

Умаров Вена шаарынан анча алыс эмес жердеги Герасдорф шаарында ишембиде кечинде башына ок тийип курман болгон. Ал буга чейин чечен лидери Рамзан Кадыровду бир канча жолу ачык сындаган жана «Европадагы мурунку чечен жикчилдерине кол салгандардын артында Орусиянын атайын күчтөрү турат» деген мазмундагы билдирүүлөрдү жасаган.

Чечен бозгуну Австрияда Бек Мартин деген ысым менен 2005-жылдан бери жашап жаткан жана бул өлкөнүн паспортун алган. Австрияга келе электе Чеченстандагы Шарият боюнча мамлекеттик коопсуздук министрлигинде тергөөчү болуп иштечү.

XS
SM
MD
LG