Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

8-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.

8-июлда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 33…35 градус болот.

XS
SM
MD
LG