Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 06:51

Британия адам укуктарын бузат деп эсептеген өлкөлөргө санкция салды


Доминик Рааб.

Британия Сауд Арабиясына, Орусияга, Мьянмага жана Түндүк Кореяга Европа Биримдигинен чыккандан кийин алгачкы жолу өз алдынча санкция салды. Санкцияларга адам укуктарын бузган жана бузулушуна жол берген деген айып негиз болгон.

Тышкы иштер министри Даминик Рааб парламентте буга байланыштуу маалымат берип жатып, «адам укуктарын одоно бузгандар өз жоруктары үчүн жооп бериши керек» деп билдирди.

Санкциялык тизмеге кирген өлкөнүн жарандарынын Британияга келишине тыюу салынат жана алардын бул өлкөдөгү активдеринин баары камакка коюлат.

Британия санкциялык тизмеге орусиялык 25 адамды киргизген, алардын арасында Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин да бар. Бул адамдардын көбү АКШдагы «Магнитский тизмеси» деп аталган санкциялык документке киргизилген.

Лондон Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда журналист Жамал Хашогжинин киши колдуу болгонунан улам бул өлкөнүн 20 жаранына санкция салды. Мьянманын жогорку даражалуу эки генералы санкцияга рохинжа улуттук азчылыгын куугунтуктап, кодулаган деген кине менен илинди. Санкциялык тизмедеги Түндүк Кореядагы эки уюм саясий лагерлерде камалып тургандарды зордоп иштетүүгө, кыйноого жана өлтүрүүгө жооптуу экени жазылган.

Орусиянын Британиядагы элчилиги санкция тууралуу комментарий берип жатып, Лондонго тиешелүү жооп кайтарыларын эскертти.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG