Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Пхеньян Вашингтон менен сүйлөшпөй турганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин АКШ иштери боюнча департамент башчысы Квон Чжон Гындын мындай билдирүүсүн ЦТАК агенттиги жарыялады. Дипломат Сеулду өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды.

Гын Түндүк Корея менен АКШнын президенттери «Ким Чен Ын менен Дональд Трамп жолугушканы жатат, телефондон сүйлөшөт» деген имиштер чындыкка коошпой турганын айтып: «Вашингтон ички маселелерин чечиш үчүн ыктымал сүйлөшүүлөр темасын козгоп жатат», - деди.

Корей жарым аралындагы кырдаал акыркы убакта курчуп кетти. Пхеньян Сеул менен алакаларын үзүп салып, аскердик күч колдонууга чейин барарын эскерткен.

Шейшембиде Түштүк Кореяга АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Стивен Бигун баратат. Дипломат Пхеньян менен диалогду жандантуу маселесин талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG