Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Гани тынчтык жараяны үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертти


Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани жоочулардын чабуулунун күчөшү «Талибан» менен тынчтык жараяны тууралуу сүйлөшүүгө «олуттуу кедергисин» тийгизерин эскертти. Ал 6-июлда эл аралык коомчулукка онлайн маалымат берип жатып, тынчтык орнотуу тууралуу сүйлөшүүлөргө карабай, быйыл былтыркыга салыштырмалуу зомбулук, кол салуу, чабуул күчөгөнүн билдирди. Гани: «Эгер талибдер чабуулдарын токтотпосо Ооганстандагы тынчтык орнотуу жараяны олуттуу кыйынчылыктарга кабылат», деди.

Кабул менен «Талибан» кыймылы дээрлик 20 жылга аяк баскан согушту токтотуу максатында көзмө-көз сүйлөшүүгө камынып жатат. Бирок ооган бийлиги бул топту май айында тараптар атышууну убактылуу токтотуу тууралуу макулдашкандан кийин, акыркы жумаларда ондогон жайкын тургундун, коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн өлүмү менен аяктаган чабуулдар үчүн айыптап жатат.

«Талибан» мындай чабуулдардын көбү үчүн жоопкерчилик алган эмес, бирок айрым аймактарда ооган коопсуздук күчтөрүн бутага алганын ырастаган.

Ашраф Гани маалымат берген соңку онлайн жыйында АКШ, Орусия, Индия, Иран, Кытай, Катар, Казакстан, Тажикстан баштаган 20дан ашык мамлекеттин жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү да болду. Гани ушул аптада дагы ушундай эки жыйын өткөргөнү жатат.

АКШ менен «Талибандын» быйыл февраль айында түзгөн тынчтык келишимине ылайык, Кабул абактардан төрт миң талиб жоочусун бошоткон, «Талибан» болсо 750 кишиге эркиндик берген.

XS
SM
MD
LG