Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Боронов: Той-аштарга абдан катуу тыюу салынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү той-аштарды токтото туруу керектиги жөнүндө элге кезектеги эскертүүсүн берди. 7-июлда онлайн брифингде сүйлөп жатып премьер-министр Кубатбек Боронов буга чейинки эскертүүлөргө карабастан жашырынып той өткөргөндөр бар экенин айтты:

"Абдан катуу тыюу салынат. Тыюу салганыбызга карабастан дагы эле маселе чыгып жатат. Кээ бир жерлерде той, тушоо той өткөрүп, эшигин жаап алып, арт жагынан киргизип той берип жатышат. Ошолорго тиешелүү чара көрүп жатабыз жана мындан кийин да көрүлөт".

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын саны соңку апта ичинде улам көбөйүп жатат. 7-июлга карата жалпысынан коронавирустан 99, пневмониядан 224 адам көз жумду.

Адистер бул илдеттер эл көп чогулган жерде тез тарай турганын айтып, үйдөн чыкпоого, той-аш өткөрбөөгө жана катышпоого чакырууда.

Эл көп катышкан иш-чараларды уюштурбай кое турууну медицина кызматкерлери да суранышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG