Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Тыва менен Алтайда кара тумоодон улам суур этин жегенге тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Тыва Республикасында жергиликтүү бийлик коңшу мамлекетте кара тумоо оорусу чыккандыктан, айрыкча Монголия менен чектеш аймактарда жашагандарды суурга аңчылык кылбоого, бул макулуктун этин жебөөгө чакырды. Ошондой эле курт-кумурскалардын чагып алышынан сактаныш керек экенин билдирди.

Тыванын Айыл чарба министрлиги кара тумоо келемиш-чычкандардан тарашы мүмкүн экенин, суур менен төөнүн этинен да жугушу ыктымал экенин эскертти.

Алтайда да бийлик Кытай менен Монголияда кара тумоо оорусу катталгандыктан жергиликтүү тургундарга суурга аңчылык кылууга тыюу салды жана чек ара аймактарын күзөтө баштады.

Ички Монголиянын Баян-Нур провинциясында алгач бир койчуга кара тумоо жукканы белгилүү болгон. Андан кийин бул илдет дагы бир канча адамдан табылган. Ооругандарга мындай илдет суурдун этин жегенден кийин жукканы айтылган. Мындан улам аймакта жапайы жан-жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG