Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Бишкектеги бир нече соода борборлору убактылуу ишин токтотот


Күндүзгү стационардын алдында медициналык жардам алыш үчүн кезек күткөндөр. 6-июль, 2020-жыл. Бишкек.
Күндүзгү стационардын алдында медициналык жардам алыш үчүн кезек күткөндөр. 6-июль, 2020-жыл. Бишкек.

Бишкектеги «Дордой Плаза» соода борбору өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу 8-июлдан 19-июлга чейин убактылуу ишин токтотот.

Бул тууралуу аталган борбордун администрациясы 7-июлда билдирди. Маалыматка ылайык, бул күндөрү соода борборундагы «Фрунзе» гипермаркети, дарыкана жана «Демир банктын» бөлүмү гана иштейт.

Ушул эле күнү баш калаадагы «Asia Mall», «Технопарк» соода борборлору, РИОМ автоунаа базары да коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал оңолгонго чейин карантинге жабыла турганын билдиришти. Аталган жайлар кайра качан иштей баштай турганы так айтылган жок.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жайылып, абал курчуду. Вируска жана пневмонияга чалдыгып, каза болгондор кескин көбөйдү. Учурда ооруканаларда медициналык жардам ала албагандар көп кайрылып жатышат. Бийлик жарандарды үйдөн чыкпоого чакырууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июлда азырынча өлкөдө карантин киргизүү маселеси карала элек экенин айткан.

XS
SM
MD
LG