Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Орусия мурдагы журналистти чыккынчылык кылган деген айып менен камакка алды


Иван Сафронов сотто. 7-июль, 2020-жыл. Москва.
Иван Сафронов сотто. 7-июль, 2020-жыл. Москва.

Орусия быйыл майдан бери Роскосмос агенттигинин жетекчисинин кеңешчиси болуп иштеп келген мурдагы журналист Иван Сафроновду камакка алды. Ага НАТОго аскердик сырды берген деген айып коюлуп жатат.

Федералдык коопсуздук кызматы Иван Сафроновду 7-июлда Москвадагы үйүнүн алдынан кармап кетти. Ошол эле күнү сот аны 6-сентябрга чейин камакка алды. Сафронов сотто күнөөсүз экенин айтты.

Анын адвокаты Иван Павловдун айтымында, прокуратура Сафроновго 2017-жылы Жакынкы Чыгыш жана Африкага орусиялык курал-жарактын сатылышы тууралуу маалыматты Чехияга берген, кабар андан ары АКШга берилген деп айыптап жатат. Ал кезде Иван Сафронов Орусиянын соода-өнөр жай тармагына байланышкан маселелерди чагылдырган журналист болуп иштеген.

Сафронов сотто күнөөлүү деп табылса 20 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.

Сафроновдун камалышы журналисттерди нааразы кылып, Федералдык коопсуздук кызматынын Москвадагы штабынын алдында каршылык акциялары өттү.

XS
SM
MD
LG