Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

БШК партиялардын шайлоо эсептери ачыла турган банктарды аныктады


2017-жылдагы президенттик шайлоо учуру.
2017-жылдагы президенттик шайлоо учуру.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 7-июлда саясий партиялардын шайлоо эсептери ачыла турган банктарды аныктады. Ага ылайык, шайлоого катыша турган партиялардын фонддорунун атайын эсептери «РСК Банкта» жана «Айыл Банкта» ачыла турган болду.

БШК бул жобо шайлоодогу каржылоонун жана саясий партиялардын чыгымдарынын ачыктыгын камсыз кылат деп эсептейт.

Маалыматка караганда, партиялардын шайлоо фонддорунун каржылык бир жумалык иш-аракеттери тууралуу маалыматтар БШКнын сайтына жарыяланып турат. Ал негизинен партиянын шайлоо фондуна ким, качан жана канча акча бергени, чыгымдар тууралуу маалыматтарды камтыйт.

7-июлдагы маалымат боюнча БШКга 35 партия кайрылып, парламенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирген. Шайлоого катышууну каалаган партиялар 8-июлга чейин маалымдама жиберүүгө тийиш. Ошондой эле 20-августка чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин БШКга жөнөтүп, партиянын жыйынын өткөрүшү керек.

Парламенттик шайлоо президенттин буйругу менен 4-октябрга дайындалган. (NT)

XS
SM
MD
LG