Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Бишкекке Минскиден 182 кыргызстандык жеткирилди


Минск-Бишкек багытындагы чартердик каттам. 8-июль, 2020-жыл.
Минск-Бишкек багытындагы чартердик каттам. 8-июль, 2020-жыл.

8-июль күнү Минск-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен 182 кыргызстандык учуп келди. Алардын арасында Беларус, Украина, Австрия, Венгрия, Британия, Германия, Литва, Латвия, Словакия, Сербия, Италия, Испания, Румыния, Нидерланд, Польша, Франция, Швейцария өлкөлөрүнөн келген кыргызстандыктар бар.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстандын Беларустагы жана Украинадагы элчиликтери тарабынан Европа өлкөлөрүндөгү элчиликтердин жана консулдуктардын кайрылуусуна жараша түзүлгөн.

Ошондой эле 8-июль күнү Ошко Орусиянын Новосибирск шаарынан Кыргызстандын жарандары кайтып келди. Новосибирск-Ош багыты боюнча чартердик каттам менен 173 жаран учуп келди, анын ичинде балдар да бар.

Каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана элчилик кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлдү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда февраль айынан 6-июлга чейин учак жана автобустар менен 20 638 кыргызстандык жаран мекенине кайтарылды. Кайтып келгендердин басымдуу бөлүгү Орусиядан, Кытайдан, Түркиядан жана Бириккен Араб Эмираттарынан жеткирилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG