Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 00:23

Министрлик: Аймактарда дарыгерлерге болгон муктаждык өтө курч эмес


Иллюстрациялык сүрөт.

Азыр аймактарда медицина кызматкерлерине болгон муктаждык Бишкектегидей же Чүйдөгүдөй курч эмес. Бул тууралуу 8-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө борбор шаарда жана Чүйдө аймактардан келген 106 кызматкер иштеп жатат, аларды тартуу жөнүндө чечим ар бир облустагы муктаждыкты эске алуу менен кабыл алынган.

«Ысык-Көлдөн 35, Таластан 23, Нарындан 20, Чүйдөн төрт, Баткенден 24 медициналык кызматкер келди. Негизинен ортоңку персонал. Эгер алардын өз аймактарында муктаждык жаралса кайра жөнөтүлөт. Азыр медицина кызматкерлеринин мобилизациясы Бишкекте жана Чүй облусунда зарыл болуп жаткандыктан ошондой чечим кабыл алынган. Аймактарда азыр медицина кызматкерлерине муктаждык өтө курч эмес», - деди Айнура Акматова.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айында башталды. Кийинки күндөрү анализи коронавирустан таза чыккан, бирок бул илдетке окшоп жөтөлүп, дем жетпей, денеси ысыгандар, каза болгондор көп болуп жатат. Абал айрыкча Бишкекте жана Чүйдө оор.

Март айынын экинчи жарымынан бери коронавирус 8486 адамдан табылып, ооруканага жаткырылды, алардын 2983ү айыгып кетти, 112си кайтыш болду.

Пневмония деген диагноз март айынан бери 3695 адамга коюлду, алардын 1907си айыкты, 268 бейтап кайтыш болду.

8-июлга карата коронавирус табылгандардын 3616сы Бишкекте, 1545и Чүйдө. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG