Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Кандагардагы чабуулда үч полиция кызматкери мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясындагы жанкечтинин айынан бери дегенде үч полиция кызматкери мерт болду, дагы 20 адам жарадар болду. Алардын арасында аймактык полициянын башчысы жана жайкын тургундар да бар.

Кандуу окуя шаршембиде Шах-Вали-Кот районундагы полициянын кеңсесинин жанында болду. Провинциянын губернаторунун басма сөз өкүлү Ахмад Бахир Ахмади кол салууга эч ким жоопкерчилик ала элек экенин билдирди. Анын айтымында, чалгын кызматы буга чейин полициянын кеңсесине кол салуу даярдалып жатканы тууралуу маалымат берген. Ахмади жанкечтини полиция кызматкерлери атып өлтүрүүгө үлгүрүшкөнүн, бирок анын жанындагы бомба жарылып кеткенин билдирди.

Шах-Вали-Кот районунда «Талибан» кыймылынын жоочулары кыйла активдүү.

Мунун алдында ооган президенти Ашраф Гани жоочулардын чабуулунун күчөшү «Талибан» менен тынчтык жараяны тууралуу сүйлөшүүгө «олуттуу кедергисин» тийгизерин эскерткен. Ал дүйшөмбүдө эл аралык коомчулукка онлайн маалымат берип жатып, тынчтык орнотуу тууралуу сүйлөшүүлөргө карабай, быйыл былтыркыга салыштырмалуу зомбулук, кол салуу, чабуул күчөгөнүн билдирген.

Кабул менен «Талибан» кыймылы дээрлик 20 жылга аяк баскан согушту токтотуу максатында көзмө-көз сүйлөшүүгө камынып жатат. Бирок ооган бийлиги бул топту акыркы жумалардагы ондогон жайкын тургундун, коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн өлүмү менен аяктаган чабуулдар үчүн айыптап жатат.

«Талибан» мындай чабуулдардын көбү үчүн жоопкерчилик алган эмес, бирок айрым аймактарда ооган коопсуздук күчтөрүн бутага алганын ырастаган.

XS
SM
MD
LG