Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Министрлик: Дарылоо ыкмасын тандаш үчүн рентген анализ жетиштүү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өпкөсү сезгенип ооруп жаткан бейтапты дарылоо ыкмасын тандаш үчүн анын рентген анализи жетиштүү. Бул тууралуу 8-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

«Ооруканалар жана бейтапканалар өпкөнүн компьютердик томография аркылуу жасаткан анализи жок кабыл албай жатышат. Аны жасатуу кымбат болууда» деген суроого Акматова төмөнкүчө жооп берди:

«Көптөгөн медицина кызматкерлери компьютердик томографияга жөнөтүп, кээ бир адамдар өзүлөрү барып жатышат. Бул багытта Саламаттык сактоо министрлиги иш жүргүзүүдө. Тагыраак айтканда, дарыгерлерди жаңы клиникалык колдонмо боюнча окутуп жатабыз. Анда баасы жагынан жеткиликтүүрөөк деп эсептелген көкүрөк органдарынын рентген изилдөөсүн жүргүзүү жазылган. Тилекке каршы, компьютердик томографияны ар бир эле стационарда жасоо мүмкүн эмес. Рентген изилдөөсү бейтапты дарылоого жетиштүү».

Коронавирус Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 8486 адамдан табылды, алардын 2983ү ооруканадан айыгып чыкты, 112си кайтыш болду.

Пневмония деген диагноз март айынан бери 3695 адамга коюлду, алардын 1907си айыкты, 268 бейтап каза тапты.

Компьютердик томография негизинен жеке клиникаларда гана жасалат, баасы үч миң сомго жакын.

Өлкөдө айлык акынын эң төмөнкү көрсөткүчү 1,8 миң сомдун, орточосу 16 миң сомдун тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG