Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Белградда карантинге каршы чыккандар менен полиция кагылышты


Сербияда парламенттик шайлоодон кийин эпидемиологиялык абал кескин начарлаган, ошондон улам бийликке доомат күчөгөн.  
Сербияда парламенттик шайлоодон кийин эпидемиологиялык абал кескин начарлаган, ошондон улам бийликке доомат күчөгөн.  

Белградда шейшембиде серб парламентинин алдында коронавирус пандемиясынан улам кайталап катаал карантин киргизүүгө каршы нааразылык акциясы өттү. Демонстранттар президент Александр Вучичтин кызматтан кетишин талап кылышты. Көчөгө чыккандар полициянын үч машинесин жана таштанды салынган бир канча челекти өрттөп салышты.

Нааразылык акциясына чыккандардын бир тобу парламенттин имаратына чейин кирип барды. Бирок аларды полиция сүрүп чыгарды жана кийин алар камакка алынганы белгилүү болду.

Полиция демонстранттарды кууп таратыш үчүн жаш агызган газ колдонду. Көчөгө чыккандар болсо аларга таш, шише, жумуртка ыргытышты. Карантинге каршы чыккандар «бийликтин сөзүн сүйлөйт» деп айыптап, мамлекеттик телеканалдын имаратынын алдына да чогулушту жана полиция менен кагылышуу болду.

Ички иштер министрлиги нааразылык акциясына беш миңдей адам катышканын маалымдады.

Сербияда пандемиядан улам карантин март айында киргизилип, майда токтотулган. Өлкөдө 21-июнда парламенттик шайлоо өтүп, президенттин партиясы 60% добуш менен жеңген. Шайлоодон кийин эпидемиологиялык абал кескин начарлай баштаган жана буга байланыштуу коомчулукта бийликке айтылган сын, доомат күчөгөн.

Жергиликтүү басылмалар ооруканаларда коронавирус жуккан бейтаптар толуп калганын жазып жатышат. Шейшембиде бул илдеттен жети киши көз жумду жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды.

Ушул күнү президент Вучич Белгардда 10-июлдан тартып коменданттык саат киргизип, беш адамдан көп болуп топтолууга тыюу саларын жарыялады.

Сербияда COVID-19 жалпысынан 18 миңге жакын адамга жугуп, 330 бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG