Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Кесиптик лицейлерге кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт


Университеттерге кабыл алуу экзамендеринин бири. 2013-жыл.
Университеттерге кабыл алуу экзамендеринин бири. 2013-жыл.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу онлайн түрүндө жүргүзүлөт.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кесиптик лицейлерге сынак орто билим жөнүндө аттестаттын же негизги билим жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын суммасынын, адистик үчүн тиешелүү сабактан алган баанын негизинде өткөрүлөт.

Аттестаттардын же жалпы билим жөнүндө күбөлүктөрдүн түп нускалары окуу жылынын башында кабыл алынат.

Буга чейин министрлик жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу быйыл толугу менен онлайн форматта өтө турганын билдирген.

Ушу тушта Кыргызстанда 100 кесиптик лицей бар, алар 85 адистик боюнча билим берет.

XS
SM
MD
LG