Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев дарыланып жаткан ооруканадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:
«Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу жакшы. Бул боюнча атайын дарыгерлердин консилиуму өтүп, Атамбаевди тергөө абагына которуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Ага ылайык, Атамбаев УКМКнын тергөө абагына которулду».
Рахат Сулаймановдун айтымында, Алмазбек Атамбаев тергөө абагына бүгүн, 9-июлда которулду. Саламаттыгына дарыгерлер күнү-түнү көз салып турушат. Атамбаевден коронавирус табылган эмес.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 30-июнда эки тараптуу пневмонияга кабылып, абактан президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына которулган. УКМК Атамбаев акыркы аптада бир нече жолу адвокаттары жана туугандары менен жолугушуп, алардан кагаз жана башка буюмдарды алганы белгиленген.
Атайын кызмат Атамбаевге оору анын жактоочусу Замир Жоошевден жугушу мүмкүн деген маалымат тараткан.
Алмазбек Атамбаевдин жакындары ага ооруну коопсуздук кызматы атайылап жуктурушу ыктымал экенин айтып чыгышкан.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча оор кылмыштар үчүн шек саналып, 2019-жылы 8-августта кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
23-июнда Биринчи май райондук соту Атамбаевди дагы бир иш - «Батукаевдин иши» боюнча 11 жыл эки айга кескен.
Атамбаев жана анын тарапкерлери бардык айыптарды жасалма деп, саясий куугунтук катары баалап келатышат. (ZKo)