Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Бээжин АКШ-Кытай алакасы боюнча үн катты


Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И.
Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И.

Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И Вашингтон менен Бээжиндин алакасы соңку 40 жылдан ашык убакыттан берки эң олуттуу кыйынчылыкка туш болуп жатканын айтты. Анын мындай билдирүүсү 9-июлда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Ваң И АКШнын Кытайга карата учурдагы саясатын «мурдагыдай коммунизмден коркуу» деп баалады.

Ал Кытай менен АКШ тынч маанайдагы карым-катышты камсыз кылыш үчүн чогуу иш алып барышы керек экенин, Вашингтон Бээжинге карата дагы эстүү саясат жүргүзөт деп үмүттөнүп турганын кошумчалады.

7-июлда Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) башчысы Кристофер Рэй Кытайдын тыңчылыкка жана интеллектуалдык менчикти уурдоого байланыштуу аракеттерин АКШнын экономикалык жана улуттук коопсуздугу үчүн «эң узак мөөнөттөгү коркунуч» деп атаган. Ал «Кытай болгон ыкманын баарын колдонуп, дүйнөдөгү жападан жалгыз супер держава болууну көздөп турганын» белгилеген.

8-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео коронавирус пандемиясына байланыштуу Кытайды кайрадан сынга алып, Бээжин вирус жөнүндө чындыкты бүтүндөй дүйнөгө айтышы керек экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG