Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда элге кайрылуу жасады. Анда мамлекет башчы эл арасында «бийликтегилер эл аралык финансы уюмдарынан келген жардамды жеп койду» деген дооматтар көбөйүп жатканын белгилеп, өкмөт бул боюнча ачык жооп берерин билдирген.
«Элдин, мамлекеттин ырыскысына кол салгандарга мен тараптан аёо жок экенин билесиздер. Ошондуктан, сиздер менен бирге өлкөгө келген жардамды максатсыз коромжу кылдырбайбыз» деп жазылган кайрылууда.
Мамлекет башчы азыркы кырдаалдагы маселелердин чечилиши жеке өзүнүн жана Коопсуздук кеңештин көзөмөлүндө экенин эскерткен:
«Баарын көрүп, түшүнүп турам. Кемчиликтер аз эмес. Мен да сиздердей болуп алардын тез чечилишин каалайм. Бул 30 жылдан берки топтолгон маселелер деп актанып отурууга, күнөөлүүлөрдү издөөгө азыр убакыт жок. Ошондуктан тынбай иштеп жатабыз».
Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус илдетинин кесепетинен ондогон адамдардын өмүрү кыйылганын айтып, алардын аза кайгысын тең бөлүшөөрүн билдирген.
Мамлекет башчы кайрылуусунда дарыгерлердин эмгегин да белгилеп, аларга терең алкыш айткан. Мындан тышкары ар бир адам өзү үчүн, жакындары үчүн жоопкерчиликте экенин эскертип, элдин ынтымагы, колдоосу менен жалпы дүйнө элинин башына түшкөн кыйынчылыктан чогуу чыгарына ишеничин билдирген.
Коомчулукта мамлекет башчы коронавируска каршы күрөштө чечкиндүү кадамдарга бара албай жатат деген сын айтылып келет. (ZKo)