Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү обочолонуп иштөөдө


Нурболот Мирзахмедов.
Нурболот Мирзахмедов.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов жана анын аппаратындагы көпчүлүк кызматкерлер аралыктан үй шартында иштеп жатат. Өкүлдүн аппараты «Азаттыкка» билдиргендей, облустун башчысы бир жумадан бери жумуш кеңсесине келе элек.

Маалыматка ылайык Мирзахмедовдун айдоочусунун анализи таза чыкканы менен коронавируска шектүү болуп жатат. Ошол себептүү өкмөттүн өкүлү обочолонгон тартипте иштөөгө өткөн. Републикалык жана облустук штабдын жыйындарына, кыдырууга орун басары Ырысбек Ызабеков катышууда. Аппараттагы 37 кызматкердин 15и гана учурда кеңсеге каттап иштеп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG