Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:58

Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндары 2021-жылга жылды


Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын жетекчиси Билал Эрдоган түркиялык «Анадолу» агенттигинен: «IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын президент Режеп Тайып Эрдогандын сунушу менен 2020-жылы Түркияда өткөрүү пландаштырылган. Бирок Түрк Кеңеши, Түркиянын жаштар жана спорт министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы чогуу жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, иш-чара COVID-19 эпидемиясынан улам 2021-жылына жылды», - деген билдирүү таратты.

Буга чейин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Бурса шаарында өтөрү маалымдалган.

Конфедерация 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. Курамына сегиз өлкөдө салттуу спорттук оюндарды уюштурган федерацияларды камтыйт. Конфедерацияны Түркиянын президентинин уулу Билал Эрдоган жетектейт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. (ElB)

XS
SM
MD
LG