Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 23:03

Атамбаевчил КСДП Сагынбек Абдрахмановду, БШКны айыптоодо


Сагынбек Абдрахманов.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Атамбаевди жактаган тарабы КСДПнын жетекчиси катары катталган Сагынбек Абдрахмановду «парламенттик шайлоого катышуу үчүн партиянын жасалма уставын, күбөлүгүн, мөөрүн жана колун пайдаланган» деп айыптоодо. Атамбаевчилер буга байланыштуу БШКга кайрылуу жолдоп, анда Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) да «партияны жасалма документтер менен шайлоого катышуучу партиялардын катарына кошту» деп сындады.

Кайрылууда КСДПнын Атамбаевди жактаган тарап парламенттик шайлоого катышуу боюнча партия эч кандай маалымдама бербегенин билдирип, КСДПнын Сагынбек Абдрахманов жетектеген тарабын парламенттик шайлоого каттабоону талап кылган.

Кайрылууда: «Сагынбек Абдрахманов эки жылдан бери өзүн партиянын жетекчиси деп атап, КСДПнын уставын, күбөлүгүн жана мөөрүн алууга аракет кылып келе жатат. Сагынбек Абдрахманов 2017-жылы 9-августта КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен партиядан чыгарылган. Буга ал партиянын 15-июлдагы «Кыргызстандын президенттигине талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөтүү тууралуу» чечимине каршы чыгып, өзүн президенттикке талапкер катары көрсөтүшү себеп болгон," - деп жазылган.

2017-жылы «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын түзгөн Сагынбек Абдрахмановду 2019-жылдын 18-апрелинде Юстиция министрлиги КСДПнын лидери катары каттап, партияны башка дарекке каттаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары баалап, юстиция министрин жазык жообуна тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан.

Атамбаев тарабындагы КСДП 2019-жылдын 6-апрелинде жана быйыл 2- майда саясий кеңешинин курамын өзгөрттү. Буга Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийинки ички ыдыроолор, мурдагы бийликте турган таасирдүү жетекчилердин коррупцияга айыпталып камалышы себеп болгон.

КСДП - парламенттин VI чакырылышында эң көп мандат алган жана башкаруучу коалицины түзгөн партия.

Атамбаев өзү 2019-жылдын 8-августунда Кой-Таш окуясы боюнча оор кылмыштарга айыпталып, камалган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо президенттин буйругу менен 4-октябрга белгиленген. 9-июлга карата шайлоого катышарын 44 саясий партия, анын ичинде КСДП да борбордук шайлоо комиссиясына маалымдаган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (10)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG