Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 12:53

Республикалык штаб: облус жана шаар аралык коомдук транспорт токтоду


Кыргызстан, Ош шаары. 9-июль, 2020-жыл.

Кыргызстандын бардык облустарында 9-июлдан тартып облус аралык жүргүнчү ташыган коомдук транспорттун, шаарлар аралык автобустардын каттамы убактылуу токтотулду.

Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штаб билдирди.

Штаб чектөөнүн мөөнөтүн так кабарлаган жок. Чектөөлөр Кыргызстандын аймактарында эпидемиологиялык абал оңолгонго чейин күчүндө боло турганын маалымдады.

Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусуна жана пневмонияга чалдыккандар акыркы убакта көп катталып жатат.

9-июлга карата расмий маалымат боюнча, коронавирус жалпысынан 8847 адамдан табылды, алардын ичинен 116сы кайтыш болду, 3053 бейтап айыкты.

Пневмония менен март айынан бери 3829 адам ооруканага жаткырылды, алардын ичинен каза болгондордун саны 310 адамга жетти.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG