Кыргызстан пандемия шартында эл аралык донорлордон 627 млн. доллар алат. Мунун ичинен 321 млн. доллары буга чейин алынды. Калганы күтүлүп жатат. Жалпы 627 млн. доллардын 26% грант түрүндө берилет. Бул 166 млн. долларга жакын акча. Калганы жеңилдетилген насыя түрүндө, 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев брифингде билдирди. Анын айтымында, акча Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ), Дүйнөлүк банктан, Азия өнүктүрүү банкынан, Аия инфратүзүмдүк ивестициялар банкынан, Евробиримдиктен, Немис өнүктүрүү банкынан, Ислам өнүктүрүү банкынан алынат.
«Бүгүнкү күнгө чейин ЭВФтен 242 млн. доллар, Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн, Евробиримдиктен 27 млн, Дүйнөлүк банктан 2,2 млн. доллар келди. Келип түшкөн 321 млн. доллардын 173 миллиону иштетилген. Калганы мамлекеттик казынада турат», - деди Эркин Асрандиев.
Кыргызстандын өкмөтү пандемияга байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам 2020-жылкы мамлекеттик бюджетке 30,8 млрд. сом түшпөй турганын билдирген. Анын орду сырттан алынган каражат менен толукталары кабарланган. (ZKo)