Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Алматынын башкы санитардык дарыгери пневмониядан көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алматы облусунун башкы санитардык дарыгери Кайрат Баймухамбетов өпкөсү кагынып каза болду. «Бүгүн биз Кайрат Кажымановичти жоготтук. Пневмония», деп облус акиминин басма сөз катчысы Галымурат Жукел 10-июлда билдирди.

56 жаштагы Кайрат Баймухамбетов өткөн жылдын май айынан тартып Алматы облусунун товар жана тейлөөлөрдүн сапаты менен коопсуздугу боюнча департаментти жетектеп келген.

Алматынын акими Амандык Баталов «Фейсбуктагы» барагына көңүл айткан билдирүү жазды. Аким өзү да коронавирус жуктуруп алып, ооруканада жатат.

Казакстанда да коронавирус эпидемиясы менен катар эле пневмония күчөдү. Казак бийлиги жакынкы күндөрдөн бери өпкө кагынуусун «коронавирус инфекциясынын ыктымал учуру» деп белгилөөдө.

Саламаттык сактоо министрлиги 10-июлга карата Казакстанда коронавирус жукканы аныкталгандар 55 миңге жакындаганын билдирди. Ал эми пневмониядан жабыркагандар 30 миңден ашты.

3-июлда башкы санитардык дарыгер Айжан Есмагамбетова быйылкы алты айда өлкөдө пневмониядан каза болгондор 1 772 киши болсо, алардын 628и июнь айында көз жумганын билдирген. Андан тышкары коронавирустан 264 адам өлгөнүн бийлик өзүнчө эсептөөдө.

XS
SM
MD
LG