Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адамдын өмүрү кыйылды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан үч адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, каргашалуу окуя 9-июлда Тоң районунда Балыкчы-Кочкор автожолунун 4-чакырымында болгон.

«Volkswagen Passat» жеңил машинасы менен оор жүк ташуучу «Shacman» машинеси сүзүшө кеткен.

Жол кырсыгынан 46 жаштагы эркек, 42 жаштагы аял жана 12 жаштагы бала каза болду. Дагы үч киши жабыркап, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылды.

Социалдык түйүндөрдөгү маалыматка караганда, каза болгондор бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү – күйөөсү, аялы жана уулу болгон.

Кийинки күндөрү өлкөдө жол кырсыгынан каза тапкандар көп катталууда.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында өлкөдө 4694 жол кырсыгы катталган. Бул 2018-жылга салыштырганда 12,3% көп. (RK)

XS
SM
MD
LG