Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

«Тез жардам»: Чалуу төрт эсе көбөйдү, 100дөн ашуун кызматкерибиз ооруп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык «Тез жардам» кызматынын жумуш жүгү эпидемияга чейинки мезгилге салыштырганда төрт эсе көбөйдү. Бул тууралуу 10-июлда «Азаттыкка» кызматтын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта 101 кызматкер ооруп, үйүндө жатат, алардын 30у дарыгер. Киши жетишпей жаткандыктан эмгек өргүүсүндө жүргөн 14 кызматкерди чакыртып алышкан.

Борисов белгилегендей, азыр автомашина жагынан маселе анча курч болбой калды.

«Азыр биринчи планда техника эмес, кадрлардын жетишсиздиги болуп жатат. Абал дагы эле оор. Жардам сурап кайрылгандар көп. Жумуш жүгү эпидемияга чейинки мезгилге салыштырганда дээрлик төрт эсе көбөйдү», - деди ал.

Бишкектин «Тез жардамында» иштегендердин жалпы саны 447 кызматкер.

29-июнда өкмөт бул мекемеге 15 атайын машина өткөрүп берген. Ага чейин жалпы саны 38 болчу.

Норма боюнча 10 миң кишиге бир бригада болушу керек деген талапты эске алганда Бишкекте кеминде 100 машина болууга тийиш экенин кызматтын жетекчилиги «Азаттыкка» билдирген.

Жалпысынан 18-марттан 10-июлга чейин өлкөдө коронавирус 9358 адамдан табылды, алардын ичинен 122 бейтап кайтыш болду, 3134 бейтап айыгып кетти.

Пневмония менен март айынан бери 3829 адам ооруканага жаткырылган. Бул илдеттен каза болгондордун саны коронавирус эпидемиясы башталгандан бери 350 адамга жетти.

Коронавирус жугузгандардын 4127си Бишкекте.

8-июлда борбор калаанын мэри Азиз Суракматов Бишкекте оору жугузгандар тез көбөйүп, пневмония боюнча көрсөткүч начар болуп жатканын айткан.(RK)

XS
SM
MD
LG