Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Жайында пневмония болбогон Бишкекте күндө 100дөй адам бул оору менен «Тез жардамга» кайрылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте соңку күндөрү «Тез жардам» кызматына бир суткада кайрылгандардын арасынан 100гө жакынына пневмония диагнозу коюлуп жатат. Бул тууралуу 10-июлда «Азаттыкка» мекеменин бөлүм башчысы Егор Борисов билдирди:

«Биздин «Тез жардам» кызматы аркылуу азыр бир күндө орто эсеп менен алганда пневмония болгон 100дөй бейтап өтүүдө. Кээде андан көбүрөөк, кээде азыраак. Азырынча абал турукташты деп айта албайбыз».

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталганын бийлик март айынын этегинде жарыялаган. Ошондон бери COVID-19 диагнозу 9358 адамга коюлду, алардын ичинен 122 бейтап кайтыш болду, 3134ү айыгып кетти.

Пневмония диагнозу 3829 адамга коюлду, алардын 350сү каза тапты, сакайып кеткендер тууралуу маалымат бериле элек.

Адистер азыр өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын баары коронавирус экенин айтууда. Кыргыз бийлиги азырынча пневмония менен коронавирустун статистикасын өз-өзүнчө карап келатат.

«Тез жардамдын» жетекчилиги «жай мезгилинде пневмония менен кайрылгандар такыр катталчу эмес, башка убактарда бир күндө ашып кетсе үч учур болчу» деп билдирген.(RK)

XS
SM
MD
LG