Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Жээнбеков: Алдастаган элди дүрбөлөңдөн сактоо кыйынга туруп калат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-июлда өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрү менен өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды талкуулады.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда жыйында президент дарыгерлерди бардык керектүү каражаттар менен камсыз кылуу, айылдарда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү, дары-дармектин запасына көңүл буруу, дарыканалар боюнча аудит жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экенин айтты.

«Алдастап турган элди дүрбөлөңдөн сактоо кыйынга турат» деп баса белгилеген президент мындай учурда элдин башын айландырган маалыматтар таркай баштай турганын да кошумчалады», - деп айтылат маалыматта.

Президент облустарда күндүзгү стационарларды ачуу зарылдыгын Бишкектен элдин көп каттап жатканына байланыштырды. Ооруканаларды күз-кыш мезгилине даярдоону эскертти.

Жээнбеков ыктыярчыларды учурдагы чоң күч катары баалап, алар менен кызматташтыкты жолго коюуга аймак жетекчилерин чакырды.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталганын бийлик март айынын этегинде жарыялаган. Ошондон бери COVID-19 диагнозу 9358 адамга коюлду, алардын ичинен 122 бейтап кайтыш болду, 3134ү айыгып кетти.

Пневмония диагнозу 3829 адамга коюлду, алардын 350сү каза тапты, сакайып кеткендер тууралуу маалымат бериле элек.

Адистер азыр пневмонияга кабылгандын бардыгы коронавирус экенин айтууда.

Соңку эки жумадан бери эпидемиологиялык абал Бишкекте жана Чүйдө курчуп турат.

Облус жетекчилери аймактарда оорунун жайылышын алдын алуу максатында түрдүү чектөөлөрдү киргизип жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG