Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Жаш программисттер муктаждардын жана жардам берчүлөрдүн бирдиктүү сайтын иштеп чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаш програмисттер тобу коронавирус шартында жардамга муктаж болуп же жардам бергиси келгендер үчүн бирдиктүү сайт иштеп чыгышты. Help.go.kg деп аталган сайт бир нече бөлүмдөн турат.

“Мага жардам керек” деген бөлүмдөн дары-дармекке, дарылоо кызматтарына муктаждар тууралуу маалымат алса болот. Ал эми “Мен жардам бере алам” деген бөлүмгө киргендер атайын анкета толтуруп, өзү тууралуу маалымат калтыра алат.

Limon.kg жаштар сайты жазгандай, демилге Азамат Ахунжанов, Данияр Чангылов, Авигаил Минаше жана Тилек Сыдыков аттуу жаш программисттерге таандык. Алар бул ресурсту 1,5 сутка ичинде иштеп чыгышты. Азыр анын кыргызча варианты даярдалып жатат.

Демилгечилер бул сайттагы сунуштардын мазмуну үчүн жооптуу эмес экенин, болгону, ортомчулук жардам көрсөтүү максаты бардыгын айтышты.

Жалпысынан 18-марттан 10-июлга чейин өлкөдө коронавирус 9358 адамдан табылды, алардын ичинен 122 бейтап кайтыш болду, 3134 бейтап айыгып кетти.

Пневмония менен март айынан бери 3829 адам ооруканага жаткырылган. Бул илдеттен каза болгондордун саны коронавирус эпидемиясы башталгандан бери 350 адамга жетти. (RK)

XS
SM
MD
LG