Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Бишкек мэриясы: Күндүзгү стационарга кезек күткөндөр азайганы байкалууда


Бишкек. Күндүзгү стационар.
Бишкек. Күндүзгү стационар.

Бишкекте ачылган убактылуу стационарларда кезек күткөндөр азайганы байкалууда. Бул тууралуу 10-июлда борбор калаанын мэриясы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бир жумага жетпеген убакыт аралыгында күндүзгү стационарларда 11 миң 370 адам тейленди. Бүгүнкү күндө шаар аймагында мындай жайлардын тогузу иштеп жатат, коомдук фонддордун жана ишкерлердин жардамы менен дагы бир нечесин ачуу пландалууда. Кээ бирлеринин кире беришинде адамдар топтолбошу үчүн электрондук кезек терминалдары орнотулду.

Бишкектин “Тез жардам” кызматынын маалыматына караганда, соңку күндөрү жумуш адаттагыдан төрт эсе көп болуп жатат. Жайында пневмония дээрлик катталбаган шаарда суткасына бул илдетке чалдыккан 100дөй адам жардам сурап кайрылууда.

Өткөн аптада Бишкекте оорукананын кире беришинде кезек күткөндөр, реанимацияга жетпей каза болгондор тууралуу видеолор тараган.

4-июлда мэрия ар бир райондо бирден стационар ачып, денеси ысыган, ийне сайдырууга шарты жоктордун баары ошол жакка барса бекер жардам аларын жарыялаган.

9-июлда ошондон бери бул убактылуу жайларда жалпысынан 6673 киши дарыланып, 1349 адам кеңеш алганы, 57 бейтап ооруканага жаткырылганын, жети адам кайтыш болгонун кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG