Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Кыргызстанда медициналык мекемелерге бирден куратор бекитилди


Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири
Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири

Вице-премьер-министрлер, министрлер жана мамлекеттик мекеме жетекчилери Бишкектеги ооруканаларга жана стационарлардын ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жаткан камсыздоо маселелери боюнча куратор болуп бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталына вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, №1 шаардык клиникалык ооруканага вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, Жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасына вице-премьер-министр Аида Исмаилова жоопкер болот.

«Семетей» обсервациясына өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров, Кыргыз-Түрк достугу ооруканасына тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Улуттук урология борборуна юстиция министри Марат Жаманкулов, Улуттук фтизиатрия борборуна маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Темир жол ооруканасына транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтуна жана Улуттук онкология борборуна эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров бекитилди.

Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев, «Континент Интергельпо» обсервациясына Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов, №2 төрөт үйүнө Милдеттүү медициналык камсыздоо фондусунун төрайымы Элнура Боронбаева, Көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын атайын билим берүүчү мектеп-интернатына –Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев, Каниметов атындагы №1 интернатына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов, №6 шаардык клиникалык ооруканасына Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров жооптуу болуп дайындалды.

11-июлга карата расмий маалыматка ылайык, өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 10 миңге (9910) чукулдады. Стационарда – 631 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен жыйырма беши реанимацияда. Үй карантининде дарыланып жаткандардын саны – 5 918. Ооруканадан 3 236 киши сакайып чыкты. Коронавирус аныкталган 125 киши көз жумду. Мындан сырткары март айынан бери пневмониядан 400гө жакын адам каза болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG