Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

ТИМ: Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратына кол салууга үндөгөн жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатат


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү. Орусия. 2020-жыл.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү. Орусия. 2020-жыл.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандары тарабынан кызматкерлерге кол салуу, коркутуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер болуп жатканын маалымдады.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы саясат мекемеси тараткан маалыматка ылайык, учурда Орусиянын Ички иштер министрлиги "WhatsApp" мессенжери аркылуу “Москва шаарындагы кыргыз элчилигинин имаратына кол салууга үндөгөн" жарандарды аныктоо үчүн ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Учурда “Москва изилдөө борбору” бул факты боюнча материалдарга психологиялык жана лингвистикалык изилдөө жүргүзүүдө. Экспертизанын жыйынтыгы менен Орусиянын күч органдары Жазык жана административдик мыйзамдарга ылайык аныкталган жарандарды жоопкерчиликке тартуу чараларын көрөт.

Ички иштер министрлигинин Москва шаарынын Якиманка району боюнча бөлүмүнө кыргыз элчилигинин эки кызматкери жумуш учурунда ден соолугуна башка жарандар залал келтиргени боюнча арыз жазышты. Буга байланыштуу кыргыз жана Кыргызстанда төрөлгөн орус жаранына жазык жана административдик мыйзамдарга ылайык тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстанга кайтуу үчүн түзүлгөн тизме түзүү боюнча кыргыз жарандарынан элчиликтин кызматкерлерине коркутуу көп болуп жаткандыктан дипломатиялык мекеме имараттын кайтаруусун бекемдөө ниетин белгилейт.

Коопсуздукту камсыз кылуу, чагымчыл аракеттердин алдын-алуу үчүн элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине кайрылды. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарын тартипти сактоого чакырып, мыйзамсыз аракеттер үчүн жоопко тартыларын эскертти.

Ушул күндөрү Орусиядан ондогон мекендештер Кыргызстанга кайтып келе албай жатат. Кыргыз бийлиги чет мамлекеттерден жарандарын атайын тизме түзүп алып келүүгө аракет кылууда. Март айынан бери учак жана автоунаа менен 38 өлкөдөн 20 638 кыргызстандык мекенине кайтып келди. (TSh)

XS
SM
MD
LG