Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

УКМК: Ибраимов мэр болуп тургандагы сейил бактардын курулушу боюнча иш ачылды


Албек Ибраимов сот учурунда. 2019-жыл.
Албек Ибраимов сот учурунда. 2019-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) медиадагы маалыматтарды текшерүүнүн негизинде 2017-жылы парктардын курулуш ишинде баалар жогорулатылган фактылар аныкталганын маалымдады.

“2017-жылы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун тушунда “Жаштар”, Фучик жана Кара-Жыгач парктарын оңдоп-түзөөгө жалпы 90 миллион сом бөлүнгөн.

2017-жылы 27-ноябрда Свердлов райондук администрациясы менен жеке менчик ишканалардын бири 3 млн. сомдон ашык каражатка келишим түзөт. Андан кийин кошумча дагы 3 млн. сомдон ашык акчага келишим түзүлөт. Курулуштун баасы 652 миң сомго жогорулатылган жана ошол эле учурда 2 млн. сомдон ашык акчага гана жумуш жасалган”, - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.

УКМК бул факт Жазык кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди.

Мындан сырткары прокуратура органына М.Ш аттуу жарандан Фучик атындагы парктын реконструкциясында 30 млн. сом максатсыз пайдаланылганы боюнча арыз түшкөнү, бул факт боюнча териштирүү жүргүзүлүп, юридикалык баа берилери айтылат.

Атайын кызмат 2020-жылы Бишкек шаарындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы аянты 11 гектарды түзгөн сейил багына 47 млн. сом сарпталганын белгилеп, ал эми 2017-жылы аянты 5 гектар “Жаштар” паркына 37 млн. сарпталганын салыштырат.

Мурдагы мэр Албек Ибраимовдун жактоочусунан УКМКнын маалыматы боюнча комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Учурда Бишкек шаардык соту экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча апелляциялык арыздарды карап жатышат.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов баштаган мамлекеттик жана жеке ишкерлер Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушундагы коррупция боюнча айыпталып, Ленин райондук соту аларга өкүмдү 23-декабрда чыгарган. Ага ылайык Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, камактан бошотулган.

Ал эми мурдагы мэр Албек Ибраимов мектеп курулушундагы коррупцияга жана "Дастан" ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген.

Райондук сот бул кылмыш иши боюнча соттолуп жаткандардын ичинен Албек Ибраимовдон башка 11 соттолуучуну сот залынан бошоткон.

Бишкектин мурдагы эки мэри 2018-жылдын жай айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Алар өздөрүнүн күнөөсүз экенин, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG