Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 22:24

12-июль: 130га жакын медкызматкерден коронавирус аныкталды


Бишкектеги стационарда иштеген медициналык кызматкерлер.

12-июлда өлкө боюнча 127 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Алардын 51и Бишкек шаарында, 44ү Чүй облусунда, 12си Ош шаарында, төртөө Ош, бирөө Жалал-Абад, жетөө Баткен, бешөө Ысык-Көл, үчөө Талас облустарында. Ал эми акыркы бир суткада алты медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 1556 медициналык кызматкер катталган. Анын ичинен 552 медкызматкер стационардан айыгып чыккан. Буга чейин каза болгон дарыгерлердин расмий саны алтоо экени кабарланган.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (10)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG